Тазабек Икрамов: «Бишкекте кереги жок. Күч түзүмдөрү бүт Баткенге барышсын»

Тажикстандын кол салуусунан 59 кыргыз жараны шейит кетти. Мындан улам депутаттарга «Бул окуядан улам бийликке койгон талабыңыз жана жардамыңыз эмне болот?» деген суроо менен кайрылдык.

Депутат Тазабек Икрамовдун айтымында, жарандар көз жумуп жаткан соң, оор техникалар, ок-дарылар менен камсыздап, күчтүү армияны ошол жакка жөнөтүү керек. «Тилекке каршы шейит кеткендер быйыл мурдагы жылдагыга салыштырмалуу көп. Күч түзүмдөрү бүт Баткенге барышсын. Бишкекте кереги жок», — деди ал.