Тазабек Икрамов: «Ак Үйдүн жер төлөсүндө тамакты аябай даамдуу жасашат. Кээде мага келгендерди ошол жактан узатып коём»

Депутат бир жардамчы менен көп ишке жетише албайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов «Депутаттын кеңсесинде конокто» рубрикабызга маек берип жатып билдирди.

«Мурда бирден жардамчы болчу, азыр дагы бирди кошуп беришти. Бизге жардамчылар керек. Бүгүнкү күнү айдоочу деген жок. Жоюлуп кеткен. Унаа да жок», — деди ал.

Ал ошондой эле Ак Үйдүн жер төлөсүндөгү тамактар абдан даамдуу экенин айтты. «Баалары да арзан. Эшикке тамактанууга чыккан менде чанда болот. Кээде мага келгендерди ошол жактан узатып коём», — деди ал.