Икрамов: «Кемпир-Абаддын алдындагы жерди Өзбекстанга берип салсак, анда суу да, жер да, асман да коңшу өлкөгө өткөн болот»

Кемпир-Абад маселеси боюнча бүгүнкү күнү эки тараптуу пикирлер айтылып жатат. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Бийлик тарап да, эл тарап да өз пикирлерин айтышып, кылдаттык менен чече турган көйгөй болуп жатат. Кошуна мамлекет менен ынтымакта болушубуз керек. Ошол эле учурда чек араны чечишибиз керек. Комитет жыйынында ушул маселе көтөрүлдү. Ал жерде көп сөз болду. Жерди алмаштыруу маселесинде турабыз. Жакшы билген адамдар өз пикирин да айтышты.

Менин жеке оюм боюнча, биз 5-10 жылдык көз караш менен карабашыбыз зарыл. Атайын дегеним, бүгүн Кемпир-Абад Кыргызстандыкы. Бирок «Ала-Бука, Сузактан 19 миң гектар жер алып жатабыз, Кемпир-Абаддын алдындагы жерди Өзбекстанга берип жатабыз» деди. Бул пикирге кошулбайм. Себеби чийме боюнча кайсы мамлекетке тиешелүү болсо, ошол өлкөнүкү болуп калат. Эгер суунун астындагы жерди берсек, ал толугу менен Өзбекстанга өтөт. Жер да, суу да, асман да  Өзбекстандыкы болуп калат. Алмаштырган жерлер бул башка нерсе», — деди ал.