Тазабек Икрамов: «Коррупционерлердин колун, токтобосо бутун кесиш керек»

«Коррупция беренеси менен бир топ мамлекеттик кызматкерлерди кармадыңыздар. Бирок алар айып пул төлөп, мамлекеттик кызматка келип жаткандары да болуп жатат» деди депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушуевге.

«Кээ бир 100 миң доллар менен кармалган коррупционерлер акыл үйрөтүп, интернет аркылуу сын таккан акмактар болуп жатат. Ушуга көз караш кандай? Мен 6-чакырылышта коррупционерлер жана анын балдары мамлекеттик жумушка кирбесин деген мыйзам көтөрдүм эле», — деди депутат.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев белгилегендей, депутат маанилүү маселени көтөрүп жатат.

«Биз жалпы карашыбыз керек. Бизде Конституцияда, дүйнөлүк практикада уулу ата үчүн, тууган тууганы үчүн жооп бербейт. Чындыгында коррупцияга аралашкандар көп, бирок сотто жыйынтык чыкпай, кызматка келип жаткандар көп. Бир жылда баарын кыла албайсың. Кылмыш иштердин көптүгүнөн жетише албай жатабыз», — деп жооп берди Зулушев.

«Уурулардын колун кесиш керек. Токтобосо, бутун кесиш керек. Биз буларды токтотушубуз керек да», — деди Икрамов.