Тазабек Икрамов: «Министр Бообек Ажыкеев өз арызы менен кызматтан кете тургандай акыбалга жетти»

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев өз арызы менен кызматтан кете тургандай акыбалга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 1-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, былтыр Сузакта сел жүрүп, үй-бүлөлөр үйсүз калышкан. Алар азыркыга чейин контейнерде жашоого аргасыз болуп жатышат. «Жакында эле ӨКМдин унаасы адамдардын өмүрүн кыйып кетти. Ушундан кийин министрдин моралдык укугу жок. Өз арызы менен жумуштан кете тургандай акыбалга жетти», — деди депутат.