Шаршемби, 15.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Темирлан Султанбеков Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүнө кескин каршы билдирүүсүн жарыялады

22:48 05.10.2022
0
Темирлан Султанбеков Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүнө кескин каршы билдирүүсүн жарыялады

«Социал-демократтар» партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга өтүшүнө кескин каршы билдирүүсүн жарыялады.

“Кемпир-Абад Кыргызстандыкы, башка мамлекеттики дегендерди жарандыктан ажыратып, өлкөбүздөн чыгарыш керек!

Биринчиден, азыр кээ бирөөлөр Кемпир-Абад 1965-жылы Өзбекстанга берилип, анын ордуна 5 миң гектарга жакын жер компенсацияланганын айтышууда. Албетте, бул болбогон калп! Кыргызстан тоолуу өлкө, айдоо аянты өтө аз. Бүгүнкү суу сактагычтын ордунда бир нече колхоз-совхоздор, ошондой эле Кыдырша, Алчалуу, Тейит, Сүткен, Кызыл-Токой сыяктуу кыргыз айылдары болгон. Өзбек ССРи Кыргыз ССРине берген 4100 гектарга жакын жер Кыргызстандын суу алдында турган 5 миң гектардан ашуун эң асыл жерлеринин ордун толтуруу болуп саналат. Ал эми өз кезегинде плотинанын астындагы, ошондой эле суу астындагы жерлер Кыргыз ССРинин мураскери катары Кыргыз Республикасынын менчигинде кала берет. 60-жылдары Өзбекстандын Кыргызстанга өткөрүп берген жерлери Кыргызстандын аймагына Өзбекстандын инфраструктуралык объектисин курууга уруксат берүү үчүн шарт болгон, эч кандай аймактарды алмашуу болгон эмес.

Экинчиден, Өзбек жана Кыргыз ССР Министрлер Советтеринин биргелешкен токтому менен Өзбекстан тарабынан узундугу 200 чакырымдан ашык сол жээктеги Кемпир-Абад каналынын долбоорун ишке ашыруу милдети коюлган, бул Баткендин жерлерин суу менен камсыз кылат эле, ошондой эле Сох суу сактагычы салынмак. Эки объекттин тең курулушу жана аларды Кыргызстанга өткөрүү иштери азырынча ишке аша элек. 57 жыл өттү, бирок Өзбекстан өз милдеттенмелерин аткара элек.

Үчүнчүдөн, Өзбекстан келишимдерге ылайык, суу сактагычтын курулушуна байланыштуу суу астында калууга аргасыз болгон үйлөр, чарбаларды жерин алмаштыруу процессин каржылык жактан камсыз кылышы керек болчу. Бирок Өзбек ССРинен бөлүнгөн каражат өтө жетишсиз болуп, жергиликтүү тургундарга жардам берген эмес, бул Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын мамлекеттер аралык документтеринде жазылган.

Төртүнчүдөн, 1960-жылдары кол коюлган келишимдер боюнча биздин талаалар суу сактагычтан сугарылып, аймактарыбызды суу каптап кеткенде келтирилген зыянды Өзбек ССРи төлөп бериши керек болчу. Бирок суу ташкын болсо Өзбекстан компенсация бербейт, суу сактагычтын астындагы жерлерибизди өткөрүп берүү бизге суу берилбей калышына алып келиши мүмкүн.

Жыйынтыктап айтканда, 1965-жылы түзүлгөн келишим Кыргызстан тарабынан толук аткарылып, Өзбекстан тарабынан иш жүзүндө такыр аткарылган эмес деп айта алабыз. Кыргызстандын аймагындагы Өзбекстандын суу сактагычы 40 жылдан ашуун иштеп, миллиарддаган литр өмүр берүүчү суу пахта тармагын өнүктүрүүгө жана Өзбекстанды байытууга мүмкүнчүлүк түздү, ал эми Өзбекстан 1965-жылкы келишим боюнча алган милдеттенмелеринин 80 пайызга жакынын аткарган эмес.

Бүгүнкү күндө боордош Өзбекстан мамлекети биздин элдин стратегиялык аймактарын 40 жылдан ашык пайдаланып, аткарылбай калган милдеттенмелеринин эсебинен суу сактагычты Кыргызстандын менчигине өткөрүп берсе туура болмок.

Эгерде Өзбекстан буга бара албаса, алар өздөрүнүн суу сактагычын Кыргызстандан чыгарып кетишсин, бирок биз эстен чыгарбашыбыз керек, курулуш башталганга чейин ал жерде суу сактагыч болгон, албетте, анчалык чоң эмес, бирок баары бир биздин республикага таандык болгон, аны калыбына келтиришсин.

Боордош Өзбекстан эли жана эң акылман Шавкат Миромонович түшүнөт, газ, мунай – мунун баары бүгүнкү күндө коңшуларыбызга эбегейсиз чоң каржы алып келет, бирок суу маанилүү, суу – жашоонун негизи, бизде суу бар, көп мамлекетте бул негизги байлык жок, биз Өзбекстан менен ондогон жылдар алдыга суу ресурстарын арзандатуу менен жеңилдетилген келишимдерди түзүшүбүз керек, ошондой эле стратегиялык келишимдерди түзүшүлүшү мүмкүн болот.

Азыр Кыргызстан кыйын абалда турат, боордош Өзбекстан, урматтуу Шавкат Миромонович жакшылык кылышса, түбөлүк жана бузулбас достук түзүлмөк, бир убакта биздин Кыргызстан Өзбекстан милдеттенмелерин аткара электе эле макул болуп, ушундай жакшылык кылды эле. Ал эми биздин өкмөттүн кээ бир өкүлдөрүнүн Кыргызстан Кемпир-Абадды 1965-жылы берген башкаларга деген сөздөрүнө келсек, бул жөн эле калп!

Турдакун Усубалиев Брежневдин Рашидов менен достугуна карабай 4100 гектар жаңы жерди алып, кимдир бирөөнүн эсебинен биздин аймагыбызда эки ири инфраструктуралык объектти түзүп, аны куруп, Кыргызстандын менчигине өткөрүп берүүгө Өзбекстанды милдеттендирип пайдалуу келишим түзө алган. Айтылган эки ири суу чарба объектилери Өзбекстан тарабынан салынбаганы менен пайдаланып, өкмөт суу сактагычты биздин менчигибизге өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү болот.

Бирок эгемендүү Кыргызстандын бийлиги, Кыргызстандын совет доорундагы бийлиги көз каранды болсо да кылбаган ишин, кылгысы келет экен, тилекке каршы.

Нарынга барып Усубалиевге эстелик тургузуп мактап, анан Ошко барып Усубалиев туура эмес кылды дегендиктери бул уят нерсе, маселенин тарыхын изилдеп чыккыла, андай сөздөрдү айтпай эле койгулачы, мындай сөздөр Кыргызстандын пайдасына эмес, бирок башка мамлекеттердин кызыкчылыгына иштейт!” — деп жазды ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:44 15.04.2026
1

Улан Маматканов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Буга чейин...

БШК № 19 шайлоо округу боюнча Улан Сариевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

БШК № 19 шайлоо округу боюнча Улан Сариевди Жогорку Кеӊештин шайланган депутаты деп тааныды

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:37 14.04.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 14-апрелдеги жыйынында Сариев Улан Алмасбековичти № 19 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош...

Президент жаңы үлгүдөгү документтер эл аралык стандарттарга жооп берерин айтты

Президент жаңы үлгүдөгү документтер эл аралык стандарттарга жооп берерин айтты

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:53 14.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 13-апрелде Ош облусунун Алай районунун активи жана тургундары менен түз диалог өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө калктын күнүмдүк...

Садыр Жапаров “Кара-Мык” чек ара заставасына барды

Садыр Жапаров “Кара-Мык” чек ара заставасына барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:43 14.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 13-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Кара-Мык” чек ара заставасынын инфратүзүмүн жакшыртуу долбоору менен таанышты....

Тармактык комитет эгин талааларына зыян келтирген мал ээлеринин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам долбоорун четке какты

Тармактык комитет эгин талааларына зыян келтирген мал ээлеринин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам долбоорун четке какты

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:22 13.04.2026
0

Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында «Эгинди тебелегендиги үчүн айыл чарба жаныбарларынын...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

Апрелде кене чаккан учурлар көбөйдү — 41 адам кайрылды

16:52 14.04.2026
Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорду сел жүрүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондорду сел жүрүшү мүмкүн

13:54 14.04.2026
Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

09:44 15.04.2026
Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

1
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

1
Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

Кыргызстан – Кытай – Өзбекстан темир жолунда тоннелдерди казуу иштери жүрүп жатат

11:04 15.04.2026
Байсаловдун ордуна Маматканов келди

Байсаловдун ордуна Маматканов келди

09:44 15.04.2026
Кожомкул атындагы Спорт сарайында жаңы бассейн курулат

Кожомкул атындагы Спорт сарайында жаңы бассейн курулат

09:40 15.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү