Тилек Батырканов президенттин иш башкаруучусу кызматынан бошотулду

Батырканов Тилек Карыбекович Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкаруучусу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу бошотулган.

Батырканов бул кызматка өткөн жылдын декабрь айында дайындалган болчу.