Тилек Токтогазиев: «Кыргызстан дүйнөгө уят болуп калды. Шайлоо жокко чыгарылышы керек»

Биз дүйнөгө уят болуп калдык. Анткени БШКнын расмий сайтында добуш бергендердин пайызы 160ка чыгып кетти. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев БШКнын алдында өтүп жаткан нааразычылык акциясы учурунда билдирди.

«Бул дүйнөдө болбогон нерсе. Азыр ошону көрүп туруп, Кыргызстанды шылдыңдап жатышат. «Кыргызстанда 100 пайыз эмес, 160 пайыз болуп кетет экен» деп. Кол менен саноо боюнча, бул жерде процедуралар бузулган, анткени шайлоо бүттүбү урнадан чыгарылган бюллетендер ошол жерде саналышы керек болчу. Азыр кайдан билебиз бюллетендер каякта жатат? Ал жакка кирүүгө кимде уруксат бар? Балким аларды алмаштырып койду. Ишениш оор болуп калды. Шайлоону жокко чыгарыш керек», — деди ал.

Анын айтымында, шайлоо жокко чыгарылып, күнөөлүүлөр жазасын алышы керек.