Тилек Токтогазиев: «Мага добуш бергендер добушту коргоп бергиле деп жатат»

Эл келди, шайлады. Менин шайлоочуларым айтып атышат, «биз сага добуш бергенбиз, тастыктап беребиз» деп. Жалпы сан чыкпай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып, «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев билдирди.

«Мага жазып, сага добуш бергенбиз дегендердин саны 3650 кишиден ашты. Ал эми БШКнын сайтында башында 1555 болчу, кийин 1700гө көтөрүп коюшуптур. Кандай болушу мүмкүн? Булар мага кайрылгандар эле, кайрылбаганы канча? Өзүбүздүн шайлоочулардын добушун жоготпош керек да. Алар биздин добушту коргоп бергиле деп жатат», — деди ал.