Азыр мен жана министрлик жөнүндө ар кандай ушактар айтылып жатат. Сиздерди ишенимдүү булактардын такталган маалыматтарды гана окууга чакырам. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда мурунку министр Тилек Токтогазиев социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.
“Урматтуу Кыргызстандыктар, колдооңуздарга чоң рахмат.
Сиздердин ар бир айтылган жылуу сөзүңөр, колдоо максатында жазган каттарыңар жана чалууларыңар демиме дем кошту. Бул мен үчүн абдан жагымдуу.
Министр катары жумушка киришкен күнү мен сиздерге отчет берем деп убада бергем, андыктан, эртең 100 күндүн ичинде биздин команда кандай ири долбоорлорду ишке ашырганын айтып берүү үчүн маалымат-жыйын беребиз.
Баса, азыр мен жөнүндө жана министрлик жөнүндө ар кандай ушактар айтылып жатат.
Сиздерди ишенимдүү булактардын такталган маалыматтарын гана окууга чакырам”,- деди Токтогазиев.