Тимур Файзиев «Асман» шаарынын курулушун жетектей тургандыгы расмий жарыяланды

Тимур Файзиев Ысык-Көлдөгү экологиялык жактан таза «Асман» шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Кечээ, 3-январда «Elite House» курулуш компаниясынын башчысы жогорудагы долбоорду жетектей турганын соцтармактагы баракчасы аркылуу жар салган.

Ысык-Көлгө «Асман» шаарын куруу пландалып жатканы өткөн жылдын июль айында маалымдалган. Тимур Файзиев өткөн жылдын май айында коррупцияга катыштыгы бар деп шектелип жатканы айтылып, тергөө иштеринен жашырынып жүргөнү үчүн ага карата сыртынан камакка алуу чечими чыккан. Июль айында эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.