«Тойго келгенсип». Депутаттар бардык министрлер келбегенине нааразы болушту

Жогорку Кеңеш парламент жыйынында Министрлер кабинетинин курамы боюнча маселени кайрадан көтөрдү. Бир катар депутаттар республикалык бюджет тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоого айрым министрлер келбей калганына нааразылыгын билдиришти.

Депутат Мирлан Самыйкожо маданият министринин жыйынга келбегенине нааразы болду. Министрдин чакырылбаганын айтышты.

«Мындай кылган болбойт да, тойго келгендей эле келишиптир го», — деди депутат Айбек Осмонов билим берүү министринин жок экенин угуп.