Токторбаев Жапаров менен Ташиевге: «Силердин тегерегиңерде жүргөн азыркы пахтакорлор кезинде силерди соттогон»

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.

«Биз силерди камакта жатканда силердин суугуңарга тоңуп, ысыгыңарга күйүп, чуркап жүргөндө азыркы силердин тегерегиңерде жүргөн пахтакорлор силерди соттогон. Соттогон эле эмес, башка нерселерди алган. Биз эмне кылмышкербизби? Мен 11 миң добуш менен келгем. Артымда элим бар. Урматтуу төрага, ушуну карап коюңуз.

Шайлообек Атазов экөөбүз кечээ башкы прокурорго асылдыкпы? Элден түшкөн арызды айттык. Аны айта албай, балык депутат болгонго болбойт да. Элдин үнүн жеткирдик.

Башкы прокурордун Жээнбековдор менен кандай мамилеси бар? Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду айткандан кийин башталды. Мен айтат элем, Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровго кошуп, Сооронбай Жээнбековду да камаш керек. Аны сөзсүз камаш керек», — деди ал.