Толкунбек Абдыгуловдун ордуна ким барат? ЭВФтин аткаруучу директорлугуна жаңы адам сунушталды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Лилия Кадырбердиева Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директорунун Кыргыз Республикасынан кеңешчиси кызмат ордуна кароо үчүн сунушталды.

Мындай чечимге Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Боконтаевдин сунушу негиз болду.

Өткөн аптада Толкунбек Абдыгулов Кыргыз Республикасынын Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директорунун Кыргыз Республикасынан кеңешчиси кызматынан бошотулган болчу.