«Төлөбөсөк өлөлүбү?». Жапаров менен Мадумаровдун кайым айтышуусу

«Министрлер кабинети Конституциянын 44-беренеси боюнча Конституциялык сотко кайрылыптыр», — деди депутат Адахан Мадумаров парламент жыйынында Акылбек Жапаровго.

«Пенсия, жөлөк пул боюнча кайрылыптырсыңар. Эмне максат менен кайрылдыңар?» — деди депутат.

«Ар бир өлкө өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша социалдык төлөмдөрдү төлөйт. Ошол боюнча чечмелеп берүүнү сурандык», — деди Жапаров.

«Сиз так жооп бериңизчи. Күчтүү эле жооп берчү элеңиз го. Тиригирээк болсоңуз. Билем даражаңыз бийик», — деди депутат.

«Мен сизден улуураакмын, даражам да бийик. Ошол үчүн мага акыл үйрөтпөй эле коюңуз. Министрлер кабинети катары өзүбүздүн укугубуздан колдонуп, Конституциялык сотко ошол беренени чечмелеп берүүнү суранып, кайрылдык», — деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

«Эмнесин түшүнбөй жатасыз?» — деп сурады депутат.

«Мен жазылып жатканда каршы чыккам. Бирок ошондой болуп калды», — деди Жапаров.

«Анда иштебеш керек да. Каршы чыккан позицияга иштебеш керек да. Мен пенсия, жөлөк пул төлөй албайм деп айтыш керек да», — деди Мадумаров.

«Мен төлөй албайм. Министрлер кабинети төлөйт. Өзүнүн абалы, экономикасына жараша төлөйт. Бүт дүйнө жүзү ошондой», — деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

«Конституциялык сотко кайрылуунун кереги жок. Ал жерде төлө деп турат. Бүттү. Аны түшүнүштүн кереги жок», — деди ал.

«Төлөбөсөк өлөлүбү?» — деди Жапаров.

«Төлөй албасаңар, иштей албайбыз дегиле да. Биз Конституцияны аткарбайбыз дегиле да», — деди эл өкүлү.

«Биз иштеп жатабыз. Аны биз да, сиз да чечмедей албайсыз, атайын орган бар. Аны так билесиз», — деди ал.

«44-беренеде так жазылып турат. Пенсия, жөлөк пул эң төмөнкү керектелүүчү куржундан кем болбойт деп. Эмнеси түшүнүксүз?» — деди депутат.

«Бүгүн экономика ушуну так аткарганга күчүбүз жетпей жатат», — деди Жапаров.

Дагы кандай беренелер күмөн жаратып жатканын депутат тактады. «Мен Конституциялык сот эмесмин, алардан сурагыла», — деди Жапаров.

«Мен силерден сурайм. Конституциянын беренелерин аткаруу силердин милдетиңер», — деди Мадумаров.

«Урматтуу кесиптештер, мен өткөндө эле айткам. Конституциянын 44-беренесин аткарбагандыгы үчүн булар кызматтан кетиши керек деп. Мына арасында азыр бир да кыз-келин жок. А мыйзамды кабыл алып жатканда, кыз-келиндер отурат. Эмнеге? Анткени алар окуйт. Алар сабаттуу. Ошол эр-азаматтарды алып келсеңер жакшы болмок», — деди Мадумаров.