Төрага Нурланбек Шакиев фракциялардын жана депутаттык топтордун лидерлери менен жыйын өткөрдү

Төрага Нурланбек Шакиев парламенттик фракциялардын жана депутаттык топтордун лидерлери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Шакиев алгач шайлоочулардан келген кайрылуулар тууралуу сөз кылып: “Жогорку Кеңеш контролдук функцияларды жүзөгө ашыруучу негизги өкүлчүлүктүү орган болуп саналгандыктан, эл өкүлдөрүнө жарандардан жана башка жактардан кайрылуулар байма-бай түшүп турат. Андыктан ар бир кайрылуу көңүл сыртында калбашы керек. Буга бардык эл өкүлү жоопкерчиликтүү мамиле кылып, фракциялардын жана депутаттык топтордун лидерлери да көзөмөл кылышы кажет”, — деди.

Мыйзам чыгаруу жаатындагы маселелерге токтолгон төрага “Депутаттар жарандардын турмушун жакшыртууга багытталган жана коомдук кызыкчылыкка шайкеш келген мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга жигердүү катышып, кабыл алынган мыйзамдардын сапатына өзгөчө көңүл бурушу зарыл” деп кошумчалады. Муну менен катар фракциялардын жана депутаттык топтордун катчылыктарынын ишин активдештирүү маселесин көтөрдү.