Төрага Нурланбек Шакиев Жумгалда бала бакчанын пайдубалына капсула салды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Жумгал районуна барып, Байзак айылында курула турган бала бакчанын пайдубалына капсула салды. 120 балага ылайыкташкан бала бакчанын курулушуна мамлекет тарабынан 94 миллион сомдон ашуун каражат каралган.

Жолугушууда төрага Нарын облусуна тиешелүү бардык маселе менен тааныш экенин жана аларды аймактан шайланып келген депутаттар парламентте байма-бай көтөрүп келе жатышканын белгиледи.