Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандагы расмий иш сапарынын алкагында аталган өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Анда мамлекеттер аралык байланыштын учурдагы абалы тууралуу сөз болуп, бардык багыттагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.
Кыргызстан Казакстан менен калыптанган алакаларды өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеген Нурланбек Шакиев байланыштарды арттырууда парламенттик дипломатиянын ролу чоң экендигин кошумчалады. Муну менен катар экономикалык кызматташтык тууралуу да сөз кылып, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү планын жакынкы аралыкта ишке ашыруу маселесине токтолду.
«Биз жөн гана стратегиялык өнөктөш өлкө эмес, эзелтен эриш-аркак жашаган, боордош мамлекетпиз. Андыктан, жетишилген келишимдерди ийгиликтүү ишке ашырып, кызматташтыгыбызды улантышыбыз керек», — деди Жогорку Кеңештин төрагасы.
Ал эми Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев эки мамлекет ортосунда алакалар акыркы жылдары жигердүү өнүгүп жатканын белгилеп, бардык маселе сүйлөшүүлөрдүн негизинде ыкчам чечилип жатканын билдирди. Андан тышкары, маданий-гуманитардык кызматташтык жөнүндө да кеп кылып: «Өткөн жылы Казакстанда Кыргызстандын маданият күндөрү жогорку деңгээлде өткөрүлүп, каада-салт, үрп-адаты окшош эки элдин маданий алакасы дагы бир тепкичке көтөрүлдү. Ушундай иш-чаралардын байма-бай уюштурулушу эки өлкө ортосундагы достук, бир туугандык мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөт деген ишеничтемин», — деди Касым-Жомарт Токаев.
ЖКнын спикери, биздин суйуктуу депутатыбыз Нурланбек Шакиевдин боордош бир тууган казак элибизге болгон иш сарары байсалдуу болсун! Боордоштшук, туугандык мамиле, жакындан тыгыз байланыш кылымдар бою болуп келген, мындан дагы туболукко берсин деп тилейбиз. Туугандар ортосундагы туболук мамиленин улануусун утурумдатып турган эки элдин данакер журт башчылары бар болушсун!
Бир атанын балдарындай ынтымакты бекемдөө менен элиңерге ырыскы тартуулай бергиле.
ЖК спикери иш билги инсан, тарыхта Раззаковдой эмгеги менен даңктуу болсун.
Эки элдин ынтымагы чындап, алакалар арта берсин. Төрагага ийгиликтерди каалайбыз.