Төрага Нурланбек Шакиев Конституциялык соттун төрагасын кабыл алды

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Конституциялык соттун төрагасы Эмил Осконбаевди кабыл алды. Жолугушууга Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Шабданбек Алишев катышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Нурланбек Шакиев эгемендүүлүк алган жылдардан бери Конституция бир нече ирет өзгөртүлүп, жаңыланганын белгилеп: “Ага карабай алгачкы Баш мыйзам кабыл алынган күн тарых бетинде кала берет. Көз карандысыз Кыргызстан үчүн 5-майдын мааниси чоң”, – деди. Муну менен катар Конституция талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөөдө жана укук үстөмдүгүн орнотууда Конституциялык соттун салымы зор экенине токтолуп, соттун курамы иш билги, калыс адистерден куралышы керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде Конституциялык соттун төрагасы мекеменин ишмердүүлүгүнө учкай токтолуп, “Конституциянын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндөгү” президент Садыр Жапаровдун жарлыгы тууралуу сөз кылды. Ошондой эле парламенттин Конституциялык соттогу өкүлүн дайындоо жана анын макамын жогорулатуу маселелери көтөрүлдү.