Төрага Нурланбек Шакиев ТүркПАнын Кеңешинин жыйынына катышты

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиянын Анкара шаарында өтүп жаткан Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) Кеңешинин жыйынына катышты.

Жогорку Кеңештин төрагасы быйыл ТүркПАнын түзүлгөнүнө 15 жыл толгонун белгиледи. Муну менен катар глобалдык өзгөрүүлөрдүн алкагында алакаларды жаңы багытта өнүктүрүү зарылчылыгына токтолгон Нурланбек Шакиев: “Ынтымак – бейкуттуктун көрөңгөсү, ымала – ырыстуу элдин жөрөлгөсү” деп кыргыз элинде айтылгандай, бүгүнкү шарттарда боордош элдердин ынтымагы тыгыз кызматташтык менен өнөктөштүктүн негизги пайдубалы экени анык. Андыктан, тарыхый байланышыбызга таянуу менен мындан ары да алакабызды арттыруубуз кажет. Биз биргелешкен аракеттер аркылуу гана саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгыбызды чыңдай алабыз”, – деди.

Ошондой эле ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Кыргызстандан Түркияга өтүп жатканын айткан Нурланбек Шакиев Ассамблеянын мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.