Төрага Нурланбек Шакиевдин Азербайжандагы иш сапары башталды

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Баку шаарындагы иш сапарынын алкагында башка өлкөнүн парламенттеринин делегация башчылары менен бирге Азербайжандын жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевди эскерип, күмбөзүнө гүлчамбар койду. Андан соң иш-чаранын катышуучулары Гейдар Алиевдин өмүр жолун чагылдырган фотокөргөзмө менен таанышты.
Быйыл Гейдар Алиевдин 100 жылдыгы белгиленүүдө. Андыктан бүгүнкү иш-чарада улуу мамлекеттик ишмер тууралуу кеңири талкуу болуп, жыйындардын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтөрү күтүлүүдө.
Нурланбек Шакиевди Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Улан Примов, Азербайжан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Искендер Матраимов жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов коштоп жүрөт.