Төрөбаев: «Быйыл “Манас” жана “Ош” аэропортторун модернизациялоо иши күчөтүлөт»

«Быйыл “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторун модернизациялоо иштери күчөтүлөт». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин коллегиясынын жыйынында билдирди.

Жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапаты жакшыртылып, анын жыйынтыгында 2022-жылы Кыргызстандын аэропортторунда 5 миллиондон ашуун жүргүнчү тейленген, бул өткөн жылга салыштырмалуу 38 пайызга көп. Аба каттамдарын өнүктүрүү жана маршруттарды кеңейтүү максатында бүгүнкү күнгө карата 30 мамлекет менен аба байланышы боюнча өкмөттөр аралык макулдашуулар түзүлгөн. Баткен, Каракол, Тамчы аэропортторун реконструкциялоо боюнча олуттуу иштер аткарылган. Ошондой эле, Ош, Баткен, Казарман аэропортторунун аэродромунун асфальт төшөлмөлөрүн жаңыртуу боюнча иштер аткарылып, Нарын аэропортунда жаңы аэровокзалды куруу иштери жүргүзүлүүдө.