Төрөбаев: «Доллардын курсу түшкөнүнө байланыштуу баа мурдагы калыбына келиши керек»

«Доллардын курсунун төмөндөшүнө байланыштуу базарлардагы, дүкөндөрдөгү баа мурдагы калыбына келиши керек. Эми бул маселе көзөмөлгө алынат». Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, реэкспорттун потенциалын да жогорулатуу зарыл. «Бул багытта Кытай менен тыгыз иштешүү, чек араларды ачуу зарыл. ЕАЭБге кирбеген Өзбекстан менен да тыгыз иштешүү күн тартибинде турат. Реэкспорттук потенциалды күчөтүү зарыл, анткени бул өлкөгө келген каржынын агымын көбөйтөт. Учурда биздин өлкөгө көптөгөн IT-адистер келе баштады. Алардын иштешине шарт түзүп беришибиз кажет», — деди ал.

Бүгүн, 29-мартта парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинде анын талапкерлиги аталган кызматка каралып, жактырды.