Түлөбаев Атамбаевдин соңку окуясы тууралуу: «Уят жана мыйзамсыздык. Ким күнөөлүү болсо, жооп берсин»

«Атамбаевге жасалган мамиле адамгерчиликке жатпайт». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Мен түшүнбөй калдым. Президент Садыр Жапаров баарын кечирдим деген. Ага бирөөлөр бут тосуп, аны жаман аттуу кылып жатат. Экс-президент Алмазбек Атамбаевге жасалган мамиле — бул адамгерчиликке жатпайт. Жаманбы, жакшыбы, ал өлкөнү башкарган. Биринчи орунда кыргыз ал. Адам ал. Уят. Мыйзамсыздык. Ким күнөөлүү болсо, мыйзам алдында жооп берсин. Бийликти, президентти жаман көргөзүп бүттүңөр. Ким кылса жооп берсин», — деп жазылат депутаттын билдирүүсүндө.

23-мартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотунун имаратына Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесске жеткирилген. Анын жактоочулары Атамбаев күчкө салынып алып келингенин билдиришкен. Бирок мурдагы президент аны жеткирип барган унаадан түшүүдөн баш тартып, кийин ага Тез жардам чакыртылып, андан ары кайра колонияга жеткирилген. Уулу Кадырбек Атамбаев «Атам карда жылаңайлак турууга аргасыз болгон. Ага катуу суук тийген» деп соцтармактагы баракчасына жарыялады.