Эрдоган дайынсыз жоголгон Орхан Инанды кармалып, Түркияга жеткирилгендигин жар салды

Бир ай мурда дайынсыз жоголгон «Сапат» билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инанды Түркияда экени ачыкталды. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган министрлер кабинетинин жыйынында өзү билдирди. «Орхан Инанды Улуттук коопсуздук кызматынын жардамы менен Түркияга алып келинди», — деди Түрк президенти.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан.