Кечээ, 14-мартта тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен Араб Эмирликтеринин Кыргыз мамлекетиндеги жаңы дайындалган элчиси Мохаммад Саид Мохаммад Аль-Арикиден Ишеним грамотасын кабыл алды. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.
Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы азыркы жана жакынкы келечектеги кызматташуунун маселелери талкууланды. Министр Руслан Казакбаевдин ушул жылдын 1-3-март күндөрү Бириккен Араб Эмирликтерине жасаган расмий сапар учурундагы жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү каралып, эки тараптуу мамилени кеңейтүү боюнча өз ара кызыгуу ырасталды. Баарлашууда жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды алмаштыруу боюнча пландар да сүйлөшүлдү. Министр Руслан Казакбаев Бириккен Араб Эмирликтеринин өкмөтүнүн Кыргыз Республикасында аталган өлкөнүн элчилигин ачуу ниетин кубаттап, министрлик тарабынан бул маселеде бардык аракетти көрсөтүү даярдыгын билдирди. Өз учурунда жаңы дайындалган элчи эки өлкөнүн кызматташуусун бүт тараптан өнүктүрүү үчүн бардык аракеттерди көрүүгө даяр экендигин айтты.