УКМКнын төрагасы: «Өзбек тарап мыйзамды аткарбай койсо, Кемпир-Абадга куйган сууну буруп салышыбыз мүмкүн»

«Өзбек тарап мыйзамды аткарбай койсо, Кемпир-Абадга куйган сууну буруп салышыбыз мүмкүн». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев «Регион» телеканалына берген маегинде билдирди.

«Мыйзамды кабыл алып берели, эртең аны өзбек тарап аткарбай койсо, эмне кылабыз?» деген суроо да берилди. Андай болсо, бизде башка да рычагдар бар. Алар кабыл алынган мыйзамды мыйзамсыз аткарбай турган болсо, Кемпир-Абад суу сактагычына куйган суулар бизден агып барат го, канча акча керек болсо, ошону бөлүп туруп, сууларды башка жакка бурушубуз мүмкүн. Башка суу сактагыч курушубуз ыктымал. Мунун баары биздин карамагыбызда калып жатат», — деди ал.