«Унаа» ишканасынын директору Турусбек Түмөнбаев ээлеген кызматынан бошотулду

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Турусбек Түмөнбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Кечээ, 12-сентябрда Министрлер кабинети президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев менен анын кызы катышкан жарым миллиард сомдук тендерди жокко чыгарган. Бланктарды даярдоо боюнча тендер иши 26-августта президенттин тапшырмасы менен “Унаа” мекемесинин иши текшериле башталганы жана анын жыйынтыгы бүгүн, 13-сентябрда элге жарыяланары айтылган.

Ал бул кызматка 2020-жылдын октябрь айында дайындалган эле. Садыр Жапаров кудаларын кандай максатта кызматка алып келгени боюнча берген комментарийи: “Өлкөдөгү туруктуулукту сактоого аракет кылып, мен күнү-түнү дебей кадрларды дароо алмаштырдым. Кызмат адамдары банктардан акчаларды алып, чыгарып кетпесин, качып кетпесин деп эки кудам кызматка туруп калышты”.