«Унчукпай отуруңуз», «Кайым айтышканы келген жокмун». Вице-спикер менен президенттин өкүлү уруша кетти

Бүгүн, 6-октябрда парламенттин жыйынында президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмас Абытов «Мага сөз бербейсизби? Мен сизден расмий түрдө суранып жатам» деди Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиевге.

Ошол учурда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров келгенге чейин министрликке талапкерлерди кароону токтотуу маселеси боюнча добуш берүү башталды.

«Мен сиздер менен кайым айтышканы келген жокмун. Жөн гана президенттин ыйгарым укуктарын түшүндүрүп жатам», — деди Абытов. 

«Сиз унчукпай турсаңыз», — деди вице-спикер.

«Мен сизге эки жолу сөз бердим. Сиз менден уруксат сурап сүйлөңүз, кандай акыңыз бар? Мен бул жакта сунушка коюп жатам. Дагы бир жолу айтам, унчукпай отуруп туруңуз», — деди Сыдыгалиев. 

Кесиптештери менен процедуралык суроолордон кийин Сыдыгалиев Абытовго сөз берди. Ал Акылбек Жапаровдун убактысы болсо, келерин айтты.