Ысык-Ата районунун акими ишеничтен кеткенине байланыштуу кызматынан бошотулду

Алмазбек Осмонов Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

«Президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койду, ага ылайык, Осмонов Алмазбек Абдилакович ишеничтен кеткенине байланыштуу Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими кызматынан бошотулду»,- деп айтылат маалыматта.

Эрмекбай Омошев Чүй облусунун Ысык-Ата районунун акими болуп дайындалды.