Үч Улуттун Кубогу: Кыргызстандын курама командасы Бангладеш менен болгон беттеште эсепти ачты (видео)

Кыргызстандын улуттук курама командасы Бангладештин курама командасына алгачкы гол киргизди. Беттеш Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат. Эсепти 10-мүнөттө Элдар Молдожунусов ачты.

2-сентябрда Кыргызстандын командасы Палестина командасын 1:0 эсебинде утуп алган. Өз кезегинде палестиналык оюнчулар Бангладеш курама командасынан күчтүү экендигин көрсөтүшкөн.