14-15-декабрда президент Садыр Жапаров футбол ойнойт

Ушул жылдын 14-15-декабрында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири өтөт.

Маалыматка караганда, иш-чарага 16 команда катышат. Командалар 4 тайпага 4 командадан бөлүнөт. Алар тайпалык баскычта бир тур ойноп, андан соң финалдык этап болот.

Турнирге төмөнкү командалар катышат:

— Президенттин командасы;
— Маданият өкүлдөрү – “Өнөр”;
— Белгилүү ишкерлер — “Бизнес”;
— Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – “Журналисттер”;
— Футбол ардагерлери – “Алга”;
— Спорт федерацияларынын жетекчилери — «Спорттук федерациялар»;
— Жогорку Кеңештин депутаттары — «Жогорку Кеңеш»;
— Президенттин облустардагы өкүлдөрү, мэрлер, акимдер — «Аймактар»;
— Дин өкүлдөрү – “Ыйман”;
— Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери – “Элчилер”;
— Ооруканалардын башкы дарыгерлери — «Ден соолук»;
— Окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору — “Билим”;
— Сот бийлигинин өкүлдөрү – “Фемида”;
— Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери — «Коопсуздук»;
— Белгилүү спортчулар — «Спорт жылдыздары»;
— Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясы, диаспора лидерлери – “Достук”.