Айаал Лазарев Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды

Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Айаал Лазарев Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш байгенин ээси болду.
Ата мекендик балбан 125 килограммга чейинки салмакта 1\4 финалдык баскычтан баштады. Биринчи беттешин кытайлык балбанды 10:6 эсебинде утуп, жарым финалда монголиялык Одгерел Баткхишигди 10:0 эсебинде жеңип финалга чыкты. Ал эми чечүүчү финалдык беттешин ирандык Амин Заре менен өткөрүп 0:11 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Ошону менен Азия чемпионатында 2-орунду ээлеп күмүш байгенин ээси болду.