Айпери Медет кызы Бишкекте өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия чемпиондугун жеңди

Кыргызстандык Айпери Медет кызы 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы күрөш боюнча Азия чемпиондугун жеңип алды.

Турнир ушул күндөрү Бишкекте өтүп жатат. Медет кызы 24-июнь күнү 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан турнирде жалпысынан 5 спортчу катышкан.

Медет кызы катары менен 4 жеңишке жетип, мөөнөтүнөн мурда алтын медалды камсыздады.