Айпери Медет кызы Сербияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда өз оюнун жыйынтыктады. Кыргызстандык кыз 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/8 финалдан старт алды.
Турнирдеги биринчи беттешинде Медет кызы кытайлык спортчу менен беттешип, 1:7 эсебинде жеңилип калган. 1/4 финалда Кытайдан келген спортчу Эквадордун өкүлүнө утулуп, Медет кызын коло үчүн жубатуучу турнирге чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты.