Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү

WW 76kg - Aiperi MEDET KYZY (KGZ)

Айпери Медет кызы UWW эл аралык күрөш федерациясынын версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлдү.

Жаңыланган рейтинг Түркиядагы Ranking Series турниринин жыйынтыгы боюнча түзүлдү. Стамбулда өткөн Yasar Dogu, Vehbi Emre & Hamit Kaplan турниринде Медет кызы 76 килограмм салмакта күч сынашып, жеңүүчү аталды.

Бул турнирде кыргызстандык 13 миң рейтингдик упай топтоп, дүйнөлүк рейтингде 2-орунга көтөрүлүүгө мүмкүндүк берди.