Айпери Медет кызы Ислам шериктештиги оюндарында финалга чыкты

Айпери Медет кызы Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында финалга чыкты. Ал 12-августта турнирде 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Ал беттештеги атаандаштарың жеңип, финалга чыкты. Финалдык блоктун беттештери Бишкек убактысы боюнча 20:30да башталат.

Ошондой эле бул күнү финалга Тынар Шаршенбеков, Калидин Асыкеев жана Үзүр Жузупбеков чыкты.