Күрөш боюнча дүйнөнүн учурдагы чемпиону Айсулуу Тыныбекова АКШда кезектеги мастер-класс өткөрдү. Сабак болочок балбандар үчүн Wrestle Like A Girl мектебинде өттү.
«Кечээ мен дагы семинар өткөрдүм. Күрөштүн аркасында кыздар лидерлик сапаттарды көрсөттү. Жакында эле мен күрөш боюнча мастер-класс өткөрүп, позитивдүү эмоциялардын укмуштуудай зарядын алгам! Уюштуруучуларга жана алардын максаттарына биринчи жолу суктанып жатканым жок. Мындан ары да жаш таланттарды туура жолго сала беришет деп ишенем!” – деп жазды Тыныбекова социалдык тармактардагы баракчасына.
Like A Girl — бул кыз-келиндердин күрөшү боюнча көндүмдөрүн өнүктүрүү аркылуу кыздардын жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн иш алып барган уюм.
Посмотреть эту публикацию в Instagram