Айсулуу Тыныбекова америкалык спортчулар үчүн мастер-класс өткөрдү (видео)

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова америкалык спортчулар үчүн машыгуу өткөрдү. Бул тууралуу ал Instagram баракчасында жазды. Анын айтымында, 13-ноябрда ал Wrestle Like a Girl уюму менен АКШда биринчи жолу мастер-класс өткөргөн.

«Уюм күрөш боюнча спортчулардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүү менен алектенет. Чынын айтсам, аябай толкундандым. Бирок бул сүйкүмдүү кыздар мени жылуу кабыл алып, колдоо көрсөтүштү. Аларга жогорку натыйжаларга жетишип, дараметтерин ачууга чын жүрөктөн тилектешмин», — деп жазган Айсулуу Тыныбекова.