Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна барды. Бул тууралуу президенттин аталган дубандагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Айсулуу Тыныбекова сапардын алкагында алгач президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен бүгүн жолугушту. Жолугушууда облус башчысы Айсулуу Тыныбекованы спорт жаатында жетишкен ийгиликтери менен куттуктап, өз кезегинде чакыруусун кабыл алып, облустун жаш спортчуларына колдоо көрсөтүп келип бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл Айсулуу Тыныбекова даңктуу жеңиштери менен Кыргызстанды бир нече жолу дүйнөлүк аренага даңазалаганын, аны келечекте дагы албан-албан ийгиликтер күтүп жатканын өзгөчө белгиледи. Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова облус башчысына жылуу кабыл алгандыгы жана айтылган каалоо-тилектери үчүн рахматын айтып, анын ар бир жеңиши өз өлкөсүнө, кыргызстандыктарга арналарын билдирди.