Айсулуу Тыныбекова Египеттеги жеңиши үчүн канча акча алат?

Айсулуу Тыныбекова Египеттеги рейтингдик турнирдин жеңүүчүсү болду.

Турнир бул күндөрү Александрияда өтүп жатат. Тыныбекова 62 килограмм салмакта күч сынашып, 4 жеңишке жетип, 1-орунду ээледи. Бул үчүн ал алтын медаль жана 1500 швейцариялык франк (болжол менен 140 000 сом) акчалай сыйлыкка ээ болгон.