Айсулуу Тыныбекова Хорватиядагы рейтингдик турнирде атаандашынан жеңилип калды

Айсулуу Тыныбекова Хорватияда өтүүчү рейтингдик турнирге катышып, биринчи атаандашынан жеңилип калды.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 килограмм салмакта мелдештин тандоо турунда кытайлык спортчу менен беттешти. Жыйынтыгында ал кыргыз спортчуну утуп алды. Эгер Луо финалга чыга турган болсо, Тыныбекова коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.