Abank_nov
SerepTV Logo

Кыргызстан 2028-жылкы футзал боюнча Азия кубогун кабыл алат

Кыргызстан 2028-жылкы футзал боюнча Азия кубогун кабыл алат
 
Кыргызстан 2028-жылы өтө турчу футзал боюнча Азия Кубогун өткөрүү укугуна ээ болду. Тиешелүү чечим 2026-жылдын 27-ноябрында Таиланддын Пхукет шаарында өткөн Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Футзал боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды.

2028-жылкы футзал боюнча Азия Кубогу 24-январь - 6-февраль күндөру орун алат. Бул - өлкөбүз үчүн тарыхый окуя, чоң сыймык жана кыргыз футзалынын өнүгүшүндөгү маанилүү кадам. Кыргызстан буга чейин футзал боюнча Азия кубогунун тандоо оюндарын өткөрүү тажрыйбасына ээ. Ал эми континенталдык биринчиликтин финалдык этабын кабыл алуу ата мекендик футзалдын тарыхындагы жаңы жана маанилүү баскыч болуп саналат. Өлкөбүз алгачкы жолу Азиянын эң күчтүү улуттук курамаларын кабыл алып, күйөрмандарга чоң эл аралык спорттук майрам тартуулайт. Бул - аткарылган иштерге берилген жогорку баа гана эмес, Кыргызстан үчүн чоң жоопкерчилик жана өлкөбүздүн меймандостугун дүйнөгө таанытууга, Азия континентинде футзалдын өнүгүшүнө салым кошууга берилген зор мүмкүнчүлүк.
SEREP MEDIA