"Алга" футбол клубу - 2026-жылкы Жогорку лиганын коло медалынын ээси
8-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Лигасынын 2026-жылкы чемпионатынын жыйынтыктоочу — 30-туру өттү. Аталган турдун алкагында Беш-Күңгөй айылындагы «Достук Арена» стадионунда «Талант» (Беш-Күңгөй) жана «Алга» (Бишкек) командалары беттешти.
Чемпионаттын күмүш медалы үчүн күрөшүп жаткан «Алга» командасы бул беттеште 1:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартты. Натыйжада, бишкектик клуб 62 упай топтоп, жыйынтыктоочу турнирдик жадыбалда үчүнчү орунду ээледи жана Жогорку Лиганын коло медалдарына татыды. Экинчи орунду ээлеген «Өзгөн» командасы да 62 упай топтогон. Бирок өз ара атаандаштыктагы көрсөткүчтөрдүн негизинде «Өзгөн» клубу «Алгадан» жогору жайгашып, күмүш медалдарга ээ болду. Коло медалдын ээси катары бишкектик клубга Кыргыз футбол биримдиги тарабынан 50 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылды.
Быйылкы Кыргыз Республикасынын Жогорку Лигасынын чемпионаты 16 клубдун катышуусунда өтүп, сезондун жүрүшүндө командалар ортосундагы атаандаштык жогорку деңгээлде болду.