“Бириккен күрөш дүйнөсү” эл аралык федерациясы Акжол Махмудовдун маегин жарыялады.
«Спортчу катары мен үчүн эң чоң байлык — Кыргызстанга алгачкы алтынды алып келүү. Кыргыз спортуна жол ачып бергим келет. Париж Олимпиадасында алтын тагынгым келип жатат. Жаш курагым боюнча күчкө толуп турган кезим деп ойлойм. Азыр оюмдун баарында ошол. Ойлордон улам тынч да уктай албайм. Эгер атам ошол жерде болсо, медалды атама тагам», — деди ал.
Айланайын уулум ! Алтын медаль утсам биринч атамдын мойнуна илем деген тилегинди кудайым насип кылсын.