PWL: Акжол Махмудов Роман Власовду утуп алды

Алматыда бүгүн, 26-апрелде Күрөш боюнча Поддубный лигасынын кезектеги турнири өтүп жатат. Турнирдин алкагында 19 беттеш пландалган.

Турнирде Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын финалисти, дүйнө чемпиону жана Азиянын беш жолку чемпиону кыргызстандык Акжол Махмудов менен Олимпиаданын 2 жолку чемпиону, дүйнөнүн 3 жолку жана Европанын 4 жолку чемпиону Роман Власов беттешип, Акжол Махмудов жеңишке жетти.