Акжол Махмудовду жеңген түрк балбаны чуу чыгарды (видео)

Анталияда өткөн эл аралык турнирде түркиялык балбан Йүксел Сарычичек «өзгөчөлөндү». Ал турнирге 77 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/8 финалдан баштап, анын атаандашы кыргызстандык Акжол Махмудов болгон.

Сарычичек Махмудовду 4:1 эсебинде жеңишке жеңип, алдыга чыккан. Кыргызстандык күйөрмандар Сарычичекти финалга чыгуу үчүн кубаттоого туура келген. Себеби ал финалга чыкса, Махмудов коло үчүн жубатуучу турнирге катышууга мүмкүнчүлүк алмак.

Түрк спортчусу чейрек финалда да жеңишке жетип, жарым финалда Ирандын өкүлү менен беттешти. Беттеште Сарычичек атаандашын бетке чаап, тебишип кеткен. Машыктыруучунун жана башка адамдардын катышуусунда чуу чыккан. Натыйжада беттеш токтотулуп, калыс эки спортчуну тең мелдештен четтетүү чечимин чыгарган. Финалдык беттеш жана жубатуучу турнир кандай болору азырынча белгисиз.