Бүгүн Лутраки шаарында (Греция) күрөш боюнча ардагерлер арасында Дүйнө чемпиондугу башталды. Чемпионаттын биринчи күнүндө кыргызстандык спортчулар Сааданбек Ниязов менен Талант Бегалиев жана Арген Бегалиев беттештерин башташты.
Орусиялык спортчу — Талант Бегалиевдин атаандашы килемге чыккан жок, Арген Бегалиев Молдованын спортчусу Сергей Болгарга утулду (11:0). Сааданбек Ниязов чейрек финалда ирандык менен кез келди. Жыйынтык 4:2 менен кыргызстандыктын пайдасына чечилди. Талант Бегалиев чейрек финалдагы атаандашы италиялык Доменико Пиччининиге караганда күчтүү болду. Аны 10:0 эсебинде жеңип алды.
Чемпиондук 24-октябрда жыйынтыкталат. Жалпысынан Кыргызстандан Грецияга алты спортчу жана эки калыс барган.