Кыргыз Республикасынын белбоо күрөшү боюнча курама командасынын мүчөлөрү Астана шаарында (Казакстан) өткөн Дүйнө чемпионатында 13 медаль (4 алтын, 1 күмүш, 8 коло) жеңди. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.
Белбоо күрөшүнүн кыз-келиндер арасында эркин түрү боюнча 76 килограмм салмак категориясында Айжан Анарбекова коло медаль утту.
Эркектер арасында эркин түрү боюнча 62 килограммга чейинки салмакта Толубай Шүкүров, 90 килограммга чейинки салмакта Бектуркан Кожомуратов жана 100 килограммга чейинки салмак категориясында Баястан Идирисов алтын медаль тагынышты.
Ал эми 82 килограммга чейинки салмакта Мадаминбек Шаршеналы күмүш медалга ээ болду.
Ошондой эле, 68 килограммга чейинки салмакта Мирлан Осмоналы уулу, 75 килограммга чейинки салмак категориясында Айболот Аманов, 90 килограммга чейинки салмакта Болотбек Туратов жана +100 килограмм салмакта Бактияр Мирлан уулу күмүш медалга ээ болушту.
Эркектер арасында классикалык түрү боюнча +100 килограмм салмакта Бактияр Мирлан уулу алтын медаль тагынды.
Мындан тышкары, 57 килограммга чейинки салмакта Нурислам Алимбеков, 75 килограммга чейинки салмак категориясында Айболот Аманов жана 82 килограммга чейинки салмакта Манас Үсөнов коло медалга ээ болушту.
Мелдеш 14-16-июль күндөрү өтүп курама команда машыктыруучулар Тамчы Эсенбек уулу жана Нурбек Кожобековдун жетечилиги алдында мелдешке катышты.