ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчысы капитан Авазбек Аманбеков Таиланддын борбору Бангкокто өткөн кикбокс боюнча Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу министрликтен маалымдашты.
«Авазбек Аманбеков 60 килограммга чейинки салмакта лоу-кик дисциплинасы боюнча күч сынашып, жалпы төрт беттешти өткөргөн. Финалык беттеште аскер кызматчыбыз жеңишке жетип, Азия чемпиону аталды. Бул жеңиши Ички иштер министрлиги, анын ичинде Ички аскерлердин аскер кызматчылары, жоокерлери үчүн гана эмес, бүтүндөй кыргыз эли үчүн дагы сыймык экенин баса белгилейбиз», — деп жазылат маалыматта.
Авазбек Аманбеков кикбокс боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, ошондой эле ал Азия жана Дүйнө чемпиондугунун жеңүүчүсү, ушу-санда, кол күрөш жана таэквондо боюнча Кыргызстандын чемпиону. Ал Кыргыз Республикасынын кикбокс боюнча эл аралык класстагы спорттун чебери.
21-март күнү Чолпон-Ата шаарында "Нооруз" майрамына карата уюштурулган турнирде Нарын облусунан куралган "Намыс" командасы көк бөрү оюну боюнча тарыхта алгач...
4-7-март күндөрү АКШнын Иллинойс штатынын Вестмонт шаарында сүзүү боюнча эл аралык деңгээлдеги профессионалдык мелдеш TYR Pro Swim Series 2026 өттү....
Бириккен күрөш дүйнөсү социалдык тармактагы баракчасына кыргызстандык балбан Акжол Махмудовдун Тирана шаарында (Албания) өткөн спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO-2026 эл...
25-февралдан 1-мартка чейин Албаниянын борбору Тирана шаарында спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO-2026 атындагы экинчи рейтингдик турнири болуп өттү. Бул тууралуу...
1-март күнү Тирана шаарында (Албания) спорттук күрөш боюнча MUHAMET MALO-2026 эл аралык рейтингдик турнири жыйынтыкталды. Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан...